23-майда Жайыл районуна караштуу Новониколаевка инновациялык гимназия орто мектебинде «Урааным, Манас!»
23-майда 2024 Жайыл районуна караштуу Новониколаевка инновациялык гимназия орто мектебинде «Урааным, Манас!» аттуу сынактын негизинде, 120 окуучу улуу эпостон үзүндү айтышты. Аталган иш-чарага 5,6,7,8- класстын окуучулары катышты. Мектептин кыргыз тилчи мугалимдеринин жетекчилигинин астында мындай иштер бул мектепте байма-бай өтүп келет. Бул жолу да улуу баатырдын байрагынын алдында, өспүрүмдөр өздөрүнүн мекенчилдигин көрсөтүп, улуу сөздөн улуу кеп козгоп, айкөл Манастан үзүндү айтышты.
Мындан тышкары аталган мектептин окуучулары «Манас» эпосуна тиешелүү көптөгөн иштерди аткарып келишет. Кичинекей жеткинчектер «Жаш манасчы» сынагынан да байгелүү орундарды алып келишкен. Албетте, мындай жетишкендиктер мугалимдердин жигердүү эмгегинин артынан келет. Мектеп жамаатына да, окуучуларга да мындан кийинки иштерине ийгиликтерди каалап кетебиз жана терең ыраазычылык билдиребиз
Комментарии